Редакцияот 11.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXXX сессиясы

 

 

2020-жылдын 11-декабры  № 3

 

№6 Бирдик орто мектебине меш алууга бюджеттен 124 000 (Жүз жыйырма төрт миӊ) сом каратуу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №6 Бирдик орто мектебине меш алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 124 000 (Жүз жыйырма төрт миӊ) сом каралсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысынын м.у а. Н. Нарматовага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Көк-Ирим айыл аймагынын

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

С.Топоев.