Редакцияот 12.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXXXII сессиясы

 

 

2021-жылдын 12-февралы  № 5

 

Көк-Ирим айыл аймагындагы Ак-Талаа участоктогунун арендасын узартуу жана аренда жерлерди Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүндө каттоодо турган тургундарга гана берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагындагы Ак-Талаа участоктогу 2021-жылга төмөндөгүдөй тартипте арендага берилсин:

2. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каттоосунда турган тургундардын аренда жерлери узартылсын жана Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүндө каттоодо турган тургундарга аренда жерлер берилсин.

3. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каттоосунда жок тургундардын Ак-Талаа участогунан арендага алган жерлеринин мөөнөтү бүткөндөрү ушул токтомдун негизинде узартылбасын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Нарматовага жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Көк-Ирим айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы

 

С.Топоев.