Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2023-жылдын 30-январы № 9/5

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2023-жылга карата  бюджетин бекитүү жөнүндө

 

          Көк-Жар айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп жана 2023-жылга карата  бюджетин бекитүү  максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши  токтом кылат:

1. Көк-Жар айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 412000 (төрт жүз он эки  миң ) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Каралган бюджеттин аткарылышы максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси Ж.Мамбеткеримовага   милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

А. Кадыракунов