Көк-Жар айыл аймагынын жергиликтүү жамааттык типтүү
Уставына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 12.12.2022-жылдагы “ Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү
уставын бекитүү жөнүндө” № 279 буйругун жетекчиликке алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин 12.01.2005-жылдагы № 8 редакцияланган Мыйзамы-нын “Суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын компетенциясы” 2-главасынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы” 16(1)- беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 20.10.2023-жылдагы № 123 Мыйзамынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” II-бөлүмүнүн, ”Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары” 21-беренесинин негизинде, Көк-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы –
Көк-Жар айыл аймагынын жергиликтүү жамааттык типтүү уставы катары толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2.Көк-Жар айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставына - сугат суусун берүүнү башкаруу жана ирригацияны өнүктүрүү,жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү маселелери - жергиликтүү маанидеги маселелер катары киргизилсин.
3.Ушул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Ж.Сабыржановго тапшырылсын.
Төрага: | А. Кадыракунов |