БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-февралы № 2
“Бакай-Атаайыл аймагынын айылдык Кеңеши"мекемесинин айылдык Кеңешин түзүү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Ленинполь айылдык аймактык кеңеши” жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Миң-Булак айылдык аймактык кеңеши” бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңеши"болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңеши" мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш Бакай-Атинского айылного аймака".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңеши" м-е
- Расмий тилде: У-е "Айылный Кенеш Бакай-Атинского айылного аймака".
2. Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Ленинполь айылдык аймактык кеңеши” жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Миң-Булак айылдык аймактык кеңеши” бириктирүү жолу менен жаңыдан кайра түзүлгөн Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. “Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. “Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү №46 үйү болуп аныкталсын.
5. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
6. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттосунан өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
| К. Атантаев |