Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 07-марты № 1

 

« Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси

айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин,“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын,Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Миң-Булак айылдык аймагынын «Миң-Булак айыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Ленинполь айылдык аймагынын «Бакай-Атаайыл өкмөтү» мекемеси бириктирүү жолу менен «Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесиболуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: « Бакай-Атаайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмотБакай-Атинского айылного аймака"

 

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: « Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү» м-е

- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Бакай-Атинского айылного аймака".

 

2. Кыргыз Республикасынын,Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Миң-Булак айылдык аймагынын «Миң-Булак айыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Ленинполь айылдык аймагынын «Бакай-Атаайыл өкмөтү» мекемеси бириктирүү жолу менен кайрадан жаңы түзүлгөн «Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3. «Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

4. «Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү, №46 болуп аныкталсын.

 5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Бакай-Ата айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К. Атантаев