Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVI сессиясы

 

2024-жылдын 14-июну №6

   Нарын шаардык суу канал ишканасынын “Суу менен камсыздоо жана  саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча” Айкын келишимин бекитүү жөнүндө

 

 

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ичүүчү сууну керектөөнү эсепке алууну системалаштыруу, сууну пайдалануу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн акы төлөөнү тартипке келтирүү, ошондой эле суу ресурстарын үнөмдөөгө дем берүү максатында Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

 

1.                  Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана (же) канализация кызматтарын көрсөтүү боюнча мамлекеттик келишими тиркемеге ылайык  бекитилсин. (1-тиркеме).

2.            Суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын көрсөтүүгө ачык контракт, мамлекеттик жана расмий тилдердеги келишими бекитилсин.

3.                  Келишим  2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.

4.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэрине жана Нарын суу канал  муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

А.Молдосалиев

 

 

        

Тиркеме 1

Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөтүүгө айкын келишими

 

 

Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөткөн Нарын «Сууканал» ишканасы, мындан ары «Жеткирип берүүчү» деп аталган, бир тараптан, жана суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын пайдаланган же пайдаланууну ниет кылган жеке жак, мындан ары «Керектөөчү» деп аталган, экинчи тараптан, төмөндөгүлөр жөнүндө ушул келишимди (мындан ары «келишим») түзүштү:

1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ

 

1.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык Жеткирип берүүчү Керектөөчүгө суу менен камсыздоо жана (же) саркынды суу чыгаруу кызматтарын көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Керектөөчү көрсөтүлгөн кызматтарга ушул Келишимде белгиленген мөөнөттө, тартипте жана өлчөмдө акы төлөөгө милдеттенет.

1.2. Ушул Келишим Нарын шаарынын аймагындагы батирди, жеке турак үйдү борбордоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууну агызып чыгаруу системасына туташтырган учурдан тартып келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

1.3. Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматтары үчүн Керектөөчү менен эсептешүү эсепке алуу приборлору боюнча жүргүзүлөт. Эсепке алуу приборлору жок болгон учурда эсептөө Жеткирип берүүчү тарабынан бекитилген суу керектөөнүн жана саркынды сууну агызып чыгаруунун ченемдери боюнча жашагандардын санына ылайык жүргүзүлөт.

 

 

2.   ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

2.1. Жеткирип берүүчү милдеттенет:

2.1.1. келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Керектөөчүгө суу менен камсыз кылуу жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуу;

2.1.2. ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын жана анын бекитилген санитардык талаптарга жана эрежелерге ылайык келишин камсыз кылуу;

2.1.3. пландаштырылып жаткан суу берүүнү жана саркынды сууну кабыл алууну токтотуу чектөөлөрү (авариялык кырдаалдан тышкары) жөнүндө Керектөөчүгө кабарлоо;

2.1.4. суу керектөө тарифинин жана ченемдеринин өзгөргөндүгү жөнүндө Керектөөчүгө алар бекитилгенден кийин 5 сутка ичинде жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоо.

 

2.2. Жеткирип берүүчү укуктуу:

2.2.1. суу түтүк жана канализация тармактарынын жана Керектөөчүнүн жабдууларынын абалын текшерүү аркылуу сууну керектөөгө жана саркынды сууну агызып чыгарууга контроль жүргүзүүгө;

2.2.2. карыз болгон учурда 5 сутка мурун жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин Керектөөчүнү  суу түтүгүн жана канализацияны пайдалануудан ажыратууга;

2.2.3. шаардык кошулган суу түтүк жана канализация тармактарына уруксатсыз кошулуу, жашыл бак-дарактарды сугаруу учурунда Керектөөчүнү суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануудан ажыратуу жана түтүк кесилиши боюнча суунун чыгымы жана саркынды сууларды кабыл алуу үчүн чегерүү: аныкталган бузуу актысынын негизинде күнү-түнү өзү билемдик менен кошкондугу үчүн 1 м/с, сугаруу үчүн 1 м/с;

2.2.4. Жеткирип берүүчүнүн кызматкерлери тарабынан Жеткирип берүүчүнүн суу түтүк жана канализация тармактарынын жана жабдууларынын, эсепке алуу приборлорунун абалын текшерүүгө Керектөөчү тоскоол болгон учурда Керектөөчүнү суу түтүгүн жана канализацияны пайдалануудан өчүрүүгө;

2.2.5. жашаган ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн санынын курамын текшерүүгө. Керектөөчүдө катталбаган адамдар аныкталганда ал акыркы пландуу текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып жашаган адамдардын санынын өзгөрүшү жөнүндө Керектөөчүнүн арызы берилген учурга чейин эсепке алынбаган адамдар үчүн акы төлөйт.