БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-апрели № 1
“ Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишкана жөнүндө.
“Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасын кайрадан каттоодон өткөрүү жана Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Бакай-Ата айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасы кайрадан каттоодон өтсүн жана Уставына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. “Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасынын алдында жайыт жана ирригация боюнча бөлүмү түзүлсүн.
3. “Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасынын каржы булагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы ЖКХ бөлүмүнө каралган акча каражатынан ошондой эле жеке жана юридикалык жактан түшкөн бардык төлөмдөрдүн эсебинен каржылансын.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Талас облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Уюштуруу жана кайрадан каттоо боюнча иштерин көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Атантаев |