Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 12-апрели № 2

 

Ичүүчү сууга жана тейлөө кызмат акыларына коюлган бааларды бекитүү жөнүндө .

Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.Сооронкуловдун Ичүүчү сууга жана тейлөө кызмат акыларына коюлган баалады бекитүүжөнүндө сунушун карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бакай-Ата айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын 12- апрелден тартып ичүүчү таза сууга төмөнкүдөй тариф бекитилсин:

- ар бир үйдөн айына 100 сом;

- суу өлчөгүч боюнча;

- физикалык жактардан айына 1 м3 үчүн 10 сом;

- юридикалык субъектилерден айына 1м3 үчүн 30 сом;

- жеке менчик тамактануучу жайлар, мал союулучу жайлар, мончолор жана авто жуучу жайларга айына 1500 сом же 1м3 үчүн 30 сом;

- чач-тарачтар жана дүкөндөрдөн айына 1000 сом

- юридикалык мекемелер үчүн айына 1500 сом же 1м3 на 30 сом деп бекитилсин.

 

2. Таза суу түтүктөрүн үйлөргө жана жер участкаларына киргизүүгө уруксат алуу үчүн

- физикалык жактарга 3.500 сом;

- юридикалык жактарга 5.000 сом деп бекитилсин.

 

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Талас облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы У. Тынысвго жүктөлсүн.

 

 

Бакай-Ата айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

 

К. Атантаев