Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 12-апрели № 3

 

“Бакай-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтому, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы Бакай-Ата айылдык аймактык кеңешинин төрагасы К.Атантаевдин маалыматын угуп,талкуулап депутаттардын Бакай-Ата айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

2. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Талас облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Бакай-Ата айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

 

К. Атантаев