БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-апрели № 4
“Турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны чыгаруу тарифин бекитүү жөнүндө”.
Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.Сооронкуловдун турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыларды чыгаруу боюнча 2024-жылга тарифти бекитип берүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-п. ылайык, Бакай-Ата айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 12-апрелинен тартып турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыларды чыгаруу боюнча тариф төмөнкүдөй бекитилсин:
- ар бир үйдөн айына 50 сом;
- юридикалык жактардан айына 200 сом.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтом Талас облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Атантаев |