БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-апрели № 5
Бакай-Ата –Талас каттамы боюнча жол кире акынын тарифин бекитүү жөнүндө.
Бакай-Ата –Талас каттамы боюнча жол кире акынын тарифин бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Бакай-Ата айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата –Талас каттамы боюнча жүргөн маршруттук кичи автобустардын жол кире акысы 60 ( алтымыш ) сом деп бекитилсин.
2. “Биримдик” ААК-на Бакай-Ата–Талас каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифи 60 ( алтымыш ) сом болгондугу тууралуу маалымдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Атантаев |