БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-апрели № 6
Бакай-Ата айыл аймагындагы үлүш жерлерин сугаруу боюнча сугат суунун бааларын бекитүү жөнүндө .
Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасынын жайыт жана ирригация боюнча бөлүм башчысы С.Бердалиевдинүлүш жерлерин сугаруу боюнча сугат суунун бааларын бекитүү жөнүндө сунушун карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бакай-Ата айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймгындагы үлүш жерлерин сугаруу боюнча бир жолку сугаруу үчүн 1 га 200 (эки жүз) сом деп бекитилсин.
2. Жеке турак жай аянтын сургуу үчүн аянтына жараша сотигине 15(он беш) сомдон алынсын.
3. Бакай-Ата айыл аймагындагы тургундарынын үлүш жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу жана сугат сууну колдонгону үчүн төлөм акыларын чогултуу жагы “Ак-Тилек-Максат” муниципалдык ишканасынын жайыт жана ирригация боюнча бөлүм башчысы С.Бердалиевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Талас облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы У. Тынысвго жүктөлсүн.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Атантаев |