БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-апрели № 1
Бакай-Ата айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана ага тиркелген чек араны бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Бакай-Ата айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана ага тиркелеген чек араны бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып,талкуулап Бакай-Ата айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Бакай-Ата айылдык кеңешинин төрагасына жанан Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Атантаев |