Редакцияот 14.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVI сессиясы

 

2024-жылдын 14-июну №10

 

    Нарын шаарындагы  электробус каттамдарынын  жүргүнчүлөр үчүн  жол кире          акысын бекитүү   жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча”  туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна  ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.     Нарын шаарындагы  электробус каттамдары үчүн жол кире акысы 1-4 –класстардын окуучуларына 5 (беш) сомго, ал эми  жалпы жүргүнчүлөр үчүн 10 (он)  сомго бекитилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

А.Молдосалиев