БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-апрели № 4
Бакай-Ата айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде алынган алты кызматкердин айлык акыларын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтому, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бакай-Ата айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде алынган алты кызматкердин айлык акыларын бекитүү жөнүндө Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовдун маалыматын угуп, талкуулап депутаттардын Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 5-кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде алынган алты кызматкердин айлык акылары 20.000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтом Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн “bakaiata.kg” расмий сайтына жарыялансын жана Талас облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Атантаев |