ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жылынын 07- февралы№01
“Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү боюнча”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кенешинин 2024-жылга сунушталган иш планы боюнча жооптуу катчы С.Наралиеванын маалыматын, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:
- Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга түзүлгөн иш планы жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бекитилген иш план боюнча иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
- Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин төрагасына (М.Т.Борбугулов), жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т. Борбугулов |