Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 07- февралы№02

 

“2023-жылы Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетту угуу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, 2023-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасын жүзөгө ашыруу, башка жергиликтүү маанидеги маселелер, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Т.Ш.Дарманова отчет менен тааныштырды.

Жогорудагы отчетту угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:

 

1.     2023-жыл ичинде Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн алкагында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө отчет эске алынсын.

 

2.     Жергиликтүү бюджеттин пландалган бөлүгү жалпысынан аткарылгандыгы, анын ичинен муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү боюнча бекитилген пландын пайыздык көрсөткүчү төмөн экендиги белгиленсин, бул багытта тез арада тиешелүү иштер жүгүзүлсүн.

 

3.     2024-жылы төмөндөгү пунктчалардын аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзүлсүн:

- муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү боюнча тарифин эксперттердин жардамы менен иштеп чыгуу, бекитүүгө сунуштоо;

- инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө багытында ийгиликтерге жетишүү, бул багытта атайын жооптуу кызматкерлерди дайындоо, тиешелүү талаптарды коюу;

- аймакта тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу, ирригация маселелерин (каналдарды ачтыруу, арыктарды тазалоо ж.б) чечүү;

- токтом, протоколдук тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча жоопкерчиликтүү иш алып баруу;

 

          4.       Токтогул шаарынын мэриясына караштуу “Токтогул Суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын жетекчилери өз багыттарында , тактап айтканда:

- ичүүчү суу, саркынды сууларды кетирүү, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бекитилген тарифтик төлөмдөрдү чогултуу боюнча берилген планды аткарууга жетишсин, кабыл алынган тарифтик төлөмдөр боюнча элге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн (социалдык тармактар, борбордук аянттагы экран ж.б аркылуу);

- жеке жана юридикалык тараптардан абоненттик төлөмдөрдү чогултуунун эффективдүү механизмдерин колдонушсун (билинг системасы, мобилдик тиркемелер, аркылуу төлөө ж.б).

         

          5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин.

 

          6.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын (Д.Бакиева, Н.Оркулова, Э.Медеров, Б.Белеков).

 

          7.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

          8.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

          9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов