Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 07- февралы№03

 

“2024-жылга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарын 2024-жылга карата болжолдуу түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы боюнча Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Дарманованын маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:

1.    2024-жылга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы айрым толуктоолор менен жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).

2.    2024-жылга пландалган иштерди аткаруу, сырттан инвестиция тартуу боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.

3.    Токтогул шаарынын коомчулугуна, шаардык кеңешинин депутаттарына аткарылган иштер боюнча ар бир жарым жыл ичинде 1 (бир) жолудан кем эмес отчет берип туруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Н.Оркулова, Э.Медеров, Б.Белеков) тапшырылсын.

5.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

7.    Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов