Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 07- февралы№04

 

“01.01.2024 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын эсебинде калган акча каражатынын калдыгын

бөлүштүрүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекске ылайык, Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Т.Дарманованын 29.01.2024-жылдагы № 01-17/74 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын 29-30.01.2024-жылдагы жыйналыштарында каралып, жыйынтыкталды.

Жогоруда аталган туруктуку комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:

1.     01.01.2024-жылга карата   жалпы 13489,2 миң сом, анын ичинен негизги эсептен  13337,9 миң сом, атайын каражаттан 151,3 миң сом калгандыгы белгиленсин.

 

2.     Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттары төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп, чыгымдалсын:

·       Негизги эсептен калдык: 13337,9 миң сом, анын ичинен:

                     Мэриянын аппаратына

Статья 2215 400,0 миң сом - Таштанды төгүүчү жайдын ижара акысына;

 

Статья 2215          15,2 миң сом  -      кофе брейк;

 

Статья 2215 105,0 миң сом – юридикалык кызмат акысына;

Статья 2215 40,0 миң сом – стенддерди жаңыртууга;

Статья 2215 188,3 миң сом – Видеокөзөмөл орнотууга (келишимдин негизинде);

Статья 2221 36,8 миң сом- мэриянын имаратындагы ички ажаткананы оңдоого;

Статья 2221           135,8 миң сом -   Наристе б/бакчасынын жылытуу системасын альтернативдик от жагууга өткөрүүгө;

Статья 2222 15,0 миң сом – Ардактуу атуулга лента, төш белгилерин даярдоого;

Статья 3111 1718,6 миң сом - ОсОО “Кубай” Коргол көчөсүндөгу 75 орундуу балдар бакчасынын курулушуна (келишимдин негиинде);

Статья 3111 4500,0 миң сом - ОсОО “Кубай” Коргол көчөсүндөгу 75 орундуу балдар бакчасынын курулушуна кошумча (бааларды индексациялоого байланыштуу);

Статья 3111 400,0 миң сом- Э.Именалиевдин айкелин жасап, орнотууга;

Статья 3111 423,0 миң сом - Эс багындагы жабык кичи футбол аянтчасын курууга (келишимдин негизинде);

Статья 3111 326,0 миң сом - “Ыңгайлуу шарт” МИ жуунуучу бөлмөсүн курууга (келишимдин негизинде);

Статья  3111   413,2 миң сом - Бөкөнбаев мектебине сырткы кемеге курууга (келишимдин негизинде);

Статья 3111 482,0 миң сом - №2 “Арча-Бешик” б/б кире беришин оңдоп түздөө Жалал-Абад өнүктүрүү фондуна өздүк салым үчүн;

Статья 3111 700,0 миң сом - Реабилитац.борбор оңдоп-түзөөсүнө кошумча каражат, септик, туалет, тосмо орнотууга;

Статья 3112 39,0 мин сом - Байчечекей б/бакчасына морозильник алууга (келишимдин негизинде);

Статья 3112 200,0 миң сом –Райвоенкоматка 40 т контейнер алуу, орнотууга;

Статья 3112 3000,0 миң сом- Жалал-Абад өнүктүрүү фонду тарабынан грейдер

алууга өздүк салым үчүн;

Статья 3113 200,0 мин сом – шаар аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө;

                       Жалпы:    13337,9 миң сом

·       Атайын каражаттан калдык : 151,4 миң сом

Балдар бакчасына

Статья 2218 151,4 миң сом –тамак аш чыгымына;

3.     Бул токтомдун аткаруу Токтогул шаарынын мэрине жана ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

4.     Аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.

 

5.     Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

6.     Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын

 

7.     Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов