САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинси сессиясы
2023-жылдын 4-октябры № 4
Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди өнөр-жай,транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин жер маселеси боюнча комиссия мүчөлөрүнүн 16.10.2023-жыл С.Атабеков айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын №45-65 контурунда жайгашкан 4,0гектар мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун кайракы айдоо жер аянтынан кыш завод куруу үчүн айыл чарба жерлери категориясынан өнөр-жайдын,транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |