Редакцияот 7.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 07- февралы№06

 

“Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, 2023-жылы Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери боюнча Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Т.Дарманованын 29.01.2024-жылдагы № 01-17/74 сунушу, “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 30.01.2024-жылдагы жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:

1.    Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.

2.    Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен Токтогул шаарынын ички жолдорун тейлөө үчүн грейдер техникасын алуу боюнча долбоорду ишке ашырууга максатында, грейдердин наркынын (8000,0 миң сом) 37,5 %, тактап айтканда, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3000,0 миң сом өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

3.    Аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

4.    Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине, ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

 

5.    Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

 

6.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

9. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы кезектеги Х сессиясынын № 06 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов