ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жылынын 07- февралы№08
“Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча келишимди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Токтогул шаардык мэриясынын ортосунда “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” түзүлгөн келишим тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттар (республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттер) келишимде белгиленген максатта жумшалсын.
3. Токтогул шаарынын экономикалык дараметин жогорулатуу максатында, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, статистикалык маалыматтарды жыйноо багытында иш алып баруучу кызматкерге жергиликтүү салыктарды жана салыктык эмес жыйымдарды чогултуу иш-милдеттерин кошумча милдеттендирүү сунушталсын.
4. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине, мэриянын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага: | М.Т. Борбугулов |