УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 11-июнундагы № 194
Оттук айылындагы “Кызыл-Саз” участогуна Тоң районунун стеласын орнотуу үчүн берилип жаткан жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Оттук айылындагы “Кызыл-Саз” участогуна Тоң районунун стеласын орнотуу үчүн берилип жаткан жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү боюнча К.Соконовдун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Оттук айылындагы “Кызыл-Саз” участогундагы №35 контурда жайгашкан жалпы 92,0 га мал өтүүчү жолу жеринин ичинен 0,20 га жер аянты Тоң районунун стеласын орнотуу үчүн берилип жаткан жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 11-июнундагы №194- токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева