Редакцияот 11.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXV СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 11-июнундагы № 195

“Иссык-Куль Дорстрой” ЖЧКнун кен казып пайдалануу үчүн берилген лицензиялык 5,40 га аянтына убактылуу күбөлүгүн алууга  макулдук берүү жөнүндө

          “Иссык-Куль Дорстрой” ЖЧКнун кен казып пайдалануу үчүн берилген лицензиялык 5,40 га аянтына убактылуу күбөлүгүн алууга макулдук берүү боюнча К.Соконовдун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Иссык-Куль Дорстрой” ЖЧКнун кен казып пайдалануу үчүн берилген лицензиялык 5,40 га аянтына убактылуу күбөлүгүн алууга макулдук берилсин жана жер казынасын пайдалануу мыйзамдарынын талаптарын сактоо жана рекультивациялоо иштерин кылуу жагы “Иссык-Куль Дорстрой” ЖЧКна милдеттендирилсин.
  2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 11-июнундагы №195 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин  айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин. 

 

Төрага                    А.Жолалиев

 

Катчы                                               Д.Чыныбаева