Редакцияот 11.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXV СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 11-июнундагы № 197

Туура-Суу-2  айылына беккари чуңкурун даярдоо үчүн №208 контурдан 0,20 га айыл чарба багытындагы жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө

 

          Туура-Суу-2  айылына беккари чуңкурун даярдоо үчүн №208 контурдан 0,20 га айыл чарба багытындагы жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү боюнча К.Соконовдун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу  комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туура-Суу-2 айылына беккари чуңкурун даярдоо үчүн №208 контурдан 0,20 га айыл чарба багытындагы жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берилсин жана иш кагаздарын даярдоо жер адиси К.Соконовго милдеттендирилсин.
  2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 11-июнундагы  №197 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин  бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                    А.Жолалиев

 

Катчы                                            Д.Чыныбаева