УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 11-июнундагы № 198
Оттук айылынын күн чыгыш тарабындагы эки көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Оттук айылынын күн чыгыш тарабындагы эки көчөгө ысым ыйгаруу боюнча Оттук айылынын элдик жыйналыштын 2024-жылдын 24-майындагы №3 протоколунун негизинде жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Оттук айылынын күн чыгыш тарабындагы биринчи көчөгө маркум Акулиев Абдылдабек – Акен Кемеловичтин ысымы ыйгарылсын.
- Оттук айылынын күн чыгыш тарабындагы экинчи көчөгө Афган согушунун ардагери Абдыкасымов Айтмат Таштановичтин ысымы ыйгарылсын.
- Көчөлөргө аты коюлган маркум Акулиев Абдылдабек – Акен Кемеловичтин жана Афган согушунун ардагери Абдыкасымов Айтмат Таштановичтин үй бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө, жарыктыктандыруу, көпүрө коюу, турак үйлөргө катар номерлерди илүү, көчөнүн тазалыгын уюштуруу ж.б) чечүүгө түздөн түз жеткирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Оттук айылынын башчысы Турат у Эдилге милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 11-июнундагы №198 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева