Редакцияот 20.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

 

2024-жылынын 20- майы №5

 

“Базар-Коргон шаарынын Вокзальная көчөсүнүн узундугу 602 метр автоунаа жолун кайра калыбына келтирүү (асфальт бастыруу) жөнүндө”

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-34-45-беренелерин аткарууга алып, 28.03.2024-жылкы чыгыш №01-17/662 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:

 

1.     Базар-Коргон шаарынын Вокзальная көчөсүнүн узундугу 602 чарчы метр автоунаа жолун кайра калыбына келтирүү (асфальт бастыруу) боюнча жалпы суммасы 8923893 сомду түзгөн долбоор жактырылсын, Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан 5000 000 (беш миллион) сом, өздүк салым 3923893 сом акча каражатына макулдук берилсин.

2.     Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3.     Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков