Редакцияот 20.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

 

2024-жылынын 20- майы №8

 

“Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 2 даана ШАКМАН L 300 (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын сатып алуу боюнча түзүлгөн долбоор жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-45-беренелерин аткарууга алып, 16.05.2024-жылкы чыгыш №01-17/751 саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:

 

1.    Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 2 даана ШАКМАН L 300 (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын сатып алуу учун жалпы суммасы 11492000сомду түзгөн долбоор жактырылсын жана Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна 8044400сом, өздүк салым 3447600сом акча каражатына макулдук берилсин.

 

2.    Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

 

3.    Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков