Редакцияот 05.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын

 

2024-жылынын 05- июну №3

 

“Базар-Коргон шаарынын борборундагы 0,84 га жер аянтын ээлеген базарды мамлекеттин пайдасына өткөрүү үчүн, Базар-Коргон шаар мэриясынын юристине мыйзам ченемдүү иш аракеттерди жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын  Административдик-процесстик кодексинин 32-беренесин эске алуу менен, Жалал-Абад шаарынын ВЛКСМ көчөсүнүн №15/1 квартирасынын тургуну Борукулова Гулшайыр Жанузаковнадан 13.05.2024-жылдагы кайрылуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХI-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаарынын борборундагы 0,84 га жер аянтын ээлеген базарды мамлекеттин пайдасына өткөрүү үчүн, Базар-Коргон шаар мэриясынын юристине мыйзам ченемдүү иш аракеттерди жүргүзүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясынын юристине жүктөлсүн.

 

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков