Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аткарылышы  2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин долбоорун

бекитүү жөнүндө.

 

2024-жылдын 10-январы № 27-1

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аткарылышы 2024-жылга каралган  айылдык бюджети  жана 2025-2026- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев  атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин  3 пунктун жетекчиликке алып, Т.Зулпуев  атындагы айылдык  кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.     2024-жылга Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 36429,6 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет.)

2.     Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча  (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.     Т.Зулпуев атындагы  айыл өкмөтүнүн 2025-2026- жылдарга  бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  №2 жана №3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

4.     Кирешенин болжолу 2025-жылга  39889,5  миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар  4949,0 миң сом менен) жана 2026-жылга 43416,5 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар  4949,0 миң сом менен) бекитилсин.

5.     Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-2025- жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги  көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.

6.     Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген  өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүң бюджетинин мекемесинин каржылоосуна  калары аныкталсын.

7.     Айыл өкмөтүнүн бюджетинин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

8.      2024-жылда  айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү  киргизүү айылдык  кеңешке ыйгарылсын.

9.      Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык–экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына  жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

10. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык  кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

Төрага

М. Бакиров

Т.Зулпуев атындагы айылдык 

кенешинин    7чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясынын № 27-1токтомуна 

№ 1 тиркеме

  Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  2024-жылга  айылдык бюджетинин болжолу

                                                                                                                                              

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

21087,8

Патенттин негизинде салык

1824,0

Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

424,0

Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык

74,7

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

1826,0

Тамарка короо жайлардан жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

 

551,1

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

0

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

1312,6

Роялти

130,0

Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө

350,0

Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу ижара акы

57,6

Жайыт ижарасы үчүн акы

507,0

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы

290,0

Таштанды төлөмү

397,0

Мамлекеттик алымдар

 

Атайын каражаттар

2439,8

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

Активдер жана милдеттемелер

Тендөөчү  грант

Кирешелердин жыйынтыгы

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

коргонуу

Айыл чарбасы

Коммуналдык Чарба