Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2023-жылдын 15-февралы № 01-5/05

 

«Жаңы-Пахта айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө»

Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчы М.Абдыкеримовдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Жаңы-Пахта айыл аймагынын территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюуштуруу максатындагы түзүлгөн иш-пландаган сунушун угуп жана талкуулап Жаңы-Пахта айылдык кеңештин 28-чакырылыштын депутаттары төмөндөгүдөй

Токтом кылат:

1. Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчы М.Абдыкеримовдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Жаңы-Пахта айыл аймагынын территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюуштуруу максатындагы түзүлгөн иш-планы № 1 тиркеме ылайык бекитилсин жана кабыл алынсын.

2. Бул токтом маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасьнын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

Н.Ж. Камчыбеков