Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №1

 

“Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө”

 

          Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 20.02.2024-жылдагы чыг.№Т-80 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №195 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 883,0 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин «Ц-4» укуктук зонадан «Ж-1» укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков