Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №2

 

“Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жана жеке менчик жер тилкелерин борбордук мечитке мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө”

 

            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 01.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2955 сандуу жана 05.06.2024-жылдагы №01-19/3064 чыгыш каттарынын негизинде жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаарынын тургуну В.В.Синеокинге таандык Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №102 дарегинде жайгашкан 493 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин (индентификациялык коду 3-10-02-0006-0758) акысыз Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №102 дарегинде жайгашкан 493 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин (индентификациялык коду 3-10-02-0006-0758) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук казыятына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жеңиш эс алуу багына караштуу 1051,0 чарчы метр жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук казыятына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков