Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №4

 

“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алынган электробустар жөнүндө”

 

            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2434 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.04.2022-жылдагы №242-т тескемеге ылайык Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 10 (он) даана электробустарды күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков