Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндү төмөнкү жактар алып келе алат:
- юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүргөн жеке ишкерлер;
- юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатууну жана (же) пайдаланууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер;
- чет мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн ташууну ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүдө Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциациянын (ISTA) эл аралык үлгүсүндөгү сертификаттары, ошондой эле үрөндү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ОЕСD) сорт күбөлүктөрү болгон шартта тиешелүү макулдашуу түзгөн экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндөрүнүн сапаты жөнүндө документтери таанылат.
4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан алынып келүүчү үрөнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актылары колдонулат.
5. Үрөндү алып келүү "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында коюлган талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
6. Алынып келүүчү үрөн алардын генетикалык модификацияланган организмдерге таандык эместигин ырастоочу тиешелүү документ менен коштолууга тийиш.
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 682 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү үрөндүн "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин ырастоону үрөндү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырат.
9. Бажы жол-жобосунан өтүүдө Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндү алып келүүнү жүзөгө ашырган жактар Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү үрөндөргө "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин ырастоо үчүн төмөнкү документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 1-тиркемесиндеги арыз менен кайрылат:
- экспорттоочу өлкөнүн үрөн жана көчөт материалына фитосанитардык сертификатты;
- экспорттоочу өлкөнүн үрөн жана көчөт материалына шайкештик сертификатын;
- экспорттоочу өлкөнүн үрөн жана көчөт материалынын келип чыгуу сертификатын;