Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №6

 

“Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында жайгашкан “Телтору” ат майданына жаңы муниципалдык базарын куруу жөнүндө”

 

            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2877 сандуу чыгыш каты жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында жайгашкан “Телтору” ат майданына Жалал-Абад шаарынын жаңы муниципалдык базарын курууга макулдук берилсин.
  2. “Телтору” ат майданындагы имараттарды жана курулуштарды көз карандысыз баалоочу аркылуу баалатып, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын башчысы (Ж.Бөрүкулов) имараттарды аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн. Имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

Н.Орозбеков