Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2023-жылдын 6-апрели № 01-5/09

 

«Жаңы-Пахта айыл аймагынын ИИБнын уставын бекитүү жөнүндө»

Акматова Нурайым Кумарбековнанын Жаңы-Пахта айыл аймагынын айылдык коомчулугунун инвестициялык бирикмесин түзүү жана ИИБнын уставын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык Кеңешинин XVII чакырылышын депутаттары:

ТОКТОМ кылат:

1. Чуй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл аймагынын аймагы ИИБнын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары аныкталсын.

2. Устав айылдык кеңеште бекитилсин жана бекитилген устав Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндө катталсын.

3. Бул токтомду жарыялоону жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүүнү Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы камсыз кылсын. укуктук-нормативдик актылырды катоо боюнча КР Юстициия министрлигинен каттоону камсыз кылсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

Н.Ж. Камчыбеков