Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №10

 

“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”

 

            Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалыдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3093 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан 15010,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-0768) жер аянты жана Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1в дарегинде жайгашкан 16920,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-0731) мамлекеттин балансындагы жер аянттарын, Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарындагы Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1 жана №1в даректериндеги жер тилкелерине социалдык обьектилерди курууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарындагы Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан 15010,0 чарчы метр жер тилкесин Ц-2 укуктук зонасынан С-1 укуктук зонасына өзгөртүүгө жана Ю.Абдрахманов №1в дарегиндеги 16920,0 чарчы метр жер тилкесин К-1 укуктук зонасынан С-1 зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков