Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №11

 

“Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси жөнүндө”

 

            Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3129 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндөгү №51н дарегинде жайгашкан жалпы аянты 10754,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-2181) мамлекеттин балансындагы жер аянтын Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 27-августундагы №3 токтомуна ылайык)  
  2. Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндөгү №51н дарегинде жайгашкан жалпы аянты 10754,0 чарчы метр (идентиф икациялык коду 3-10-01-0017-2181) жер аянтын Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы тарабынан көп кабаттуу турак жай куруууга макулдук берилсин.(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 27-августундагы №3 токтомуна ылайык) 
  3. Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндөгү №51н дарегиндеги жер тилкесин П-1 укуктук зонасынан Ж-3 укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  4. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

Н.Орозбеков