Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №14

 

“Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылындагы эскилиги жеткен имараттарды бузуу жөнүндө”

 

            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2967 сандуу чыгыш катты жана ага тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылындагы №25 Мыктыбек Төрөмаматов атындагы орто мектебиндеги эскилиги жеткен имараттарды көз карандысыз баалоочу аркылуу баалап, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгына аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн, имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков