Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №15

 

“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп жана муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө”

 

            Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалыдк менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 01.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2956 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү “Джалалабатская СПМК ААКнун” 3,2 га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын Промзона №3 дарегиндеги муниципалдык 58500 чарчы метр жер аянтынын ичинен 10 000 чарчы метр бөлүгүн алмашууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдырахманов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан жер тилкесин Ц-2 укуктук зонасынан С-1 укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

Н.Орозбеков