УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 09-апрели № 28-121
“Кыргызстандын 40-жылдыгы” атындагы совхоздун алма багы жөнүндө
Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Башат айылындагы ээсиз турган жер тууралуу айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Башат айылынын батыш тарабында жайгашкан №121 контурдагы аянты 59 га болгон эски алма бактын мамлекеттик каттоо кызматында каттоодон өткөн документтери жок болгондугуна байланыштуу муниципиалдык менчикке алуу үчүн тиешелүү иш чаралар көрүлсүн
2. Токтомдун аткарылышын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы Р.Боронбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Жакыпбеков |