УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 09-апрели № 28-127
Жийде айылынын ички чарбалык каналын Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылында жайгашкан “Маматбай” каналынын ички чарбалык каналы тууралуу айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жийде айылында жайгашкан “Маматбай” 4380 метр ички чарбалык каналы муниципалдык менчикке алуу үчүн тиешелүү иш чаралар жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы Р.Боронбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Жакыпбеков |