Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын

 кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 09-апрели № 28-128

 

Жийде айылынын ички чарбалык каналын Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылында жайгашкан “Маматбай” каналынын ички чарбалык каналын Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө талкууга салып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн карамагында турган Жийде айылында жайгашкан узундугу 4380 метр болгон “Маматбай” ички чарбалык каналы Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 

2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон иш кагаздарды даярдап, жогоруда аталган каналды айыл өкмөтүнүн карамагынан, Манас райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

Төрага

 

А. Жакыпбеков