Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын

 кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 09-апрели № 28-130

 

Уч-Коргон, Кеңеш айылдарынын “Мандалак” ички чарбалык каналын Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Уч-Коргон, Кеңеш айылдарынын ички чарбалык каналын Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн карамагында турган Уч-Коргон, Кеңеш айылдарынын ички лотоктук 6141 метр, жер арык 8470 метр узундуктагы ички чарбалык каналы Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.  

2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон иш кагаздарды даярдап, жогоруда аталган каналды айыл өкмөтүнүн карамагынан, Манас райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

Төрага

 

А. Жакыпбеков