Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия

сессиясынын

 

2024-жылынын 19- июну №24

 

“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин батирге алмаштыруу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалыдк менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 01.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2956 сандуу катты жана ага тиркелген иш-кагаздарын, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Проектрумая (мурдагы Таш-Булак айылдык аймагынын Арал айылындагы 3-05-12-1002-0593 идентификациялык номуру) Марасулов Рустам Розибаевичдин жеке менчигине таандык 1000,0 чарчы метр жер тилкесин Мамалекеттик Ипотекалык Компаниясы тарабынан курулуп жаткан үйлөрүндөгү батирге (1 батир 2 бөлмөлүү) алмаштырууга макулдук берилсин.

 

  1. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

Н.Орозбеков