ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №26
“Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 41-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Регламентинин 5,1-пунктунун негизинде Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын сунушунун негизинде шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Саматов Тынчтыкбек Шукурбекович шайланды деп эсептелсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбеков |