КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 314
"Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
"Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Долбоордук кум коргон" режиминде "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кызыкдар тарап катары чыккан "Таза Комплекс" жоопкерчилиги чектелген коому менен бирдикте "долбоордук кум коргон" режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол койсун жана мамлекеттик өнөктөш катары Ош шаарынын мэриясын аныктасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
"Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке демилге жөнүндө сунуш
1. Долбоордун баяндалышы
Акыркы жылдары Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарынын (мындан ары - КТК) түзүмүндө жана пайда болуу көлөмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин КТКнын негизги бөлүгүн тамак-аш калдыктары түзгөн, ал эми КТКны кайра иштетүү системасы бар болгондуктан, айнек, металл жана кагаз анча деле көп эмес болчу. Кагаз (макулатура), металл жана айнекти кабыл алуу пункттары иштеген. Полимердик калдыктар КТКнын жалпы массасынын жүздөн бирин түзгөн. Шаардын калкынын санынын көбөйүшү, рыноктук мамилелерге өтүү жана чет өлкөдөн олуттуу көлөмдөгү товарлардын импорттолушу полимердик калдыктардын КТКдагы үлүшүнүн кескин өсүшүнө алып келди, алар бүгүнкү күндө көлөмдүн 30%дан ашыгын түзөт. Ошол эле учурда кайра иштетүүчү пункттар жабылган. Мунун баары КТКнын көлөмүнүн жана түзүмүнүн кескин өзгөрүшүнө алып келди.
Ош шаары үчүн тиричилик калдыктарын оптималдуу жайгаштыруу проблемасы өтө маанилүү болуп саналат, анткени таштандылар жыл сайын көп топтолуп, кайра пайда боло берет, аларды утилдештирүү үчүн чоң аянттарды бөлүүнү талап кылат. Статистикалык маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата Ош шаарында 360 миңден ашуун адам жашайт (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети), аларда эксперттик баалоолор боюнча жылына болжол менен 6,0 млн. куб.м тиричилик калдыктары пайда болот.
1975-жылдан бери иштеп келе жаткан шаардык таштанды полигону Ош-Ноокат жолунун 7-километринде жайгашкан жана 62 гектар жерди ээлейт. Полигон таштандыга толуп, КТК көмүүчү полигондорго коюлган техникалык, санитардык-экологиялык жана башка талаптарга жооп бербейт.
Учурда Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканалар дээрлик жок. Ошондуктан, бардык пайда болгон тиричилик калдыктарынын 1%нан азы экинчилик сырьену алуу жана аларды андан ары пайдалануу үчүн колдонулат. Ошол эле учурда калдыктардын олуттуу бөлүгүн экинчилик сырье жана материалдарга айландырууга болот, бул экологиялык гана эмес, ресурстук көйгөйлөрдү да чечмек.
Ош шаарынын тургундары жылына жалпысынан 140200 тоннага жакын таштанды чыгарышат, күнүнө 541,5 тонна таштанды, ар бир шаар тургунуна болжол менен 1,5 кг таштанды туура келет. Анын 5%га жакыны таштанды жыйноочулар тарабынан иргелет, көлөмүнүн 10%ы жеринде өрттөлөт, 60-70%ы полигонго ташып чыгарылат, дагы 10%ы шаар аймагында калат(1).
Ош шаарындагы тиричилик калдыктарынын морфологиялык орточо курамын: айнек - 2,8%, полимерлер - 16,2%, тамак-аш калдыктары - 32%, жыгач - 2%, текстиль - 7,8%, кагаз, картон - 23,8% жана башка калдыктар - 15,4% түзөт (1-таблицаны караңыз)(2).
1-таблица. Ош шаарындагы тиричилик калдыктарынын курамы
Аталышы | Пайыздык үлүшү |
Тамак-аш калдыктары | 32% |
Кагаз | 23,8% |
Айнек | 8% |
Темир жана анын эритмелери | 6,1% |
Текстиль | 6% |
Пластмасса | 5% |
Жыгач | 5% |
Резина жана булгаары | 3% |
Алюминий | 1% |
Башка металлдар | 0,3% |