БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2023-жылдын 19-июлу № 4
Базар-Коргон шаарында мүлк салыгын колдонууга киргизүүнү бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик Салык кызматынан келген катты аткарууга алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун жана 05.06.2023-жылкы чыгыш №01-17/501 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына негиз, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаар мэриясында 2023-жылдын 1-январынан тартып Мүлк салыгын колдонууга киргизүү төмөнкүдөй бекитилсин.
а) Салык Кодексинин 388-беренесинин 1-пунктуна негиз имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналык коэффициенттин салык наркы Кз-1,0 барабар бекитилсин.
б) Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөндөй калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналык коэффициенттин Кз-салыктык наркы 1,2 өлчөмдө бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновго жана мэриянын киреше бөлүмүнүн башчысы Т.Мурзакановго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К. Анарбеков |